Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АКШ президенти Конгрессте сүйлөп жатат


АКШ Конгрессинин кош палатасында президент негизги көңүлдү өлкөдөгү экономикалык абалга жана кризистен чыгуунун жолдоруна бурду. Обама экономиканын кубатын калыбына келтирүүнүн жалгыз жолу узак мөөнөттүү инвестицияларда, ал аркылуу жумушчу орундарды, жаңы ишканаларды жана калган дүйнө менен атаандашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда деп билдирди. Президент Обама ошондой эле экономикалык кризис Кошмо Штаттарды алсыратканын моюнга алуу менен, бирок өлкө кайра калыбына келерине жана кризистен мурдагыдан да кубаттуу болуп чыгарына, каруу-күчкө толоруна ишеним артты.

XS
SM
MD
LG