Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

АКШ Мамлекеттик департаменти: Коррупция Кыргызстанга көнүмүш адат


АКШнын Мамлекеттик департаментинин өткөн жыл боюнча жылдык докладында кыргыз бийлигинин бир нече мамлекеттик кызматкерди камакка алышын коррупция менен күрөштөгү бир кадам алга жылыш деп баалаган. Бирок өкмөттү алмаштырууга элдин укугунун чектелиши, тартип коргоо органдарынын кыйноолорго барышы жана алардын жазасыз калышы, түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абал, жөн жерден камакка алып, укуктук коргоодон кур жалак калтыруу, бейөкмөт уюмдарга басым жасоо, чогулуш өткөрөм дегендерге чек коюу, балдарды иштетүүгө жол берүү жана адам аткезчилигин ооздуктай албаганы кыргыз бийлигинин адам укуктарын сактоо жаатындагы башкы кемчилиги деп билдирген. “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында АКШ баштаган батыш мамлекеттери мындан ары аталган мүчүлүштүктөргө көз жумдулук кылбашы керек. Анткени бул Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында аткарууга милдеттенме алган эң башкы милдеттерден.(BD)

XS
SM
MD
LG