Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Б.Обама: АКШ Ооганстанда узак мөөнөткө калууну каалабайт


АКШ Ооганстанга кошумча жоокерлерди жиберүү планына карабастан бул өлкөдө узак мөөнөткө калууну каалабайт. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама америкалык сыналгылардын биринде сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Анын айтымында, Ооганстандын тарыхында ооган эли өздөрү баскынчы катары көргөн ар кандай күчтөрдүн мизин кайтарганын Америка дайыма эсепке алат. Бирок америкалык жоокерлердин Ооганстандан качан чыгарыларын президент ачыктаган жок. Барак Обама Ооганстанга кошумча 17 миң АКШ жоокерин жиберүү тууралуу буйрук чыгарган.

XS
SM
MD
LG