Бул тууралуу биримдиктин учурдагы төрагасы – Чехиянын премьер- министри Мирек Топаланек кечээ Брюсселде өткөн чукул саммиттен кийин жарыялады. Топаланектин айтымында, Обама Евробиримдиктин лидерлери менен 5-апрелге Прагада белгиленген саммитте кездешет. Европага сапары учурунда Обама дүйнөнүн ири жыйырма өлкөсүнүн 2-апрелде Лондондо болуучу жыйынына жана НАТОго кирген өлкөлөрдүн 3-апрелде Франция менен Германияда өтүүчү саммитине да катышат.