Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Пенсиялардын өлчөмү жогорулайт


Бүгүн президент Курманбек Бакиев “Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыгына кол койду. Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын ченемдерин аткаруу максатында токтом кылынып 2009-жылдын 1-апрелинен тартып:- «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылып жана ал 630 сом өлчөмүндө белгиленди. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык 2009-жылдын 1-апрелине чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасы 12 пайызга жогорулатылды. «Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» мамлекет башчынын 2008-жылдын 5-июнундагы №193 жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөрүлбөйт.
Социалдык фондуна ушул жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз учурунда кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылуусу тапшырылды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG