Кечээ аталган партия Панфилов районунун тургундары менен жолугушкан. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Уланбек Карыповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушууга келгендерди коркутуп-үркүтүүгө аракет кылышкан. “Ак шумкар” саясий партиясы эми 7-март күнү Жайыл районунун эли менен жолугушуу өткөрүүнү максат кылууда. (ZKo)