“ И.Кадырбековго карата коюлуп жаткан айыптар бүгүнкү күнгө дейре далилдене элек. Анын Убактылуу тергөө абагында кармалышы мыйзам жол берген мөөнөттөн ашып, 9 айга жетти. Туугандары И.Кадырбековдун саламаттыгы начарлаганына байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок бүгүнкү күнгө дейре жооп ала албай келет” – деген мазмунда “Ата Мекен” партиясы билдирүү таратты. Анда “И.Кадырбеков Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон үчүн БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова президенттин уулу М.Бакиев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болгону ага карата кылмыш иши саясий негизде ачылганын тастыктады” деп жазылат. “Ата Мекен” партиясынын пикиринде И.Кадырбековду абакта көпкө кармоо менен ага басып жасалууда. (EK)