Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 07:22

“Нафтогаз” компаниясынын баш кеңсесинде тинтүү болду


Украинанын коопсуздук күчтөрү кечээ (4-мартта) “Нафтогаз” компаниясынын баш кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Марина Остапенко тинтүү газ тармагындагы кыянаттык шеги менен байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн маалымдады. Шаршембиде куралданган, беттерин чүмбөттөгөн кишилер Украинанын улуттук отун-кубат компаниясынын баш кеңсесин тинтишкен. “Нафтогаз” компаниясы январь айында Орусия менен Украинанын газ чатагынын чордонунда болгон эле.

XS
SM
MD
LG