Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Көчкүдө торолуп калган автоунаалар чыгарылды


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча 8-март күнү, саат 17:00дө Бишкек-Ош кан жолунун 246-чакырымында көлөмү 1 млн 200 миң куб метр болгон кар көчкөн. Көчкүнүн бийиктиги 30 метр, узундугу 250 метр, туурасы 800 метр. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча көчкү алдында калгандар жок. Бирок ошол эле күнү аталган жолдун 222-чакырымында да көлөмү 2500 миң метр куб, бийиктиги 3 метр, узундугу 60 мет, туурасы 12 метр болгон кар көчкү түшүп, ортодо 400 автомашина калган. Чукул кырдаалдар министрлигинин оперативдүү аракетинин натыйжасында кийинки көчкүнүн жолу ачылып, ортодо калган автоунаалар артка кайтарылды. Учурда министрликтин Түштүк борборунан, Чүйдөгү, Таш-Көмүрдөгү куткаруучу түйүндөрүнөн кар сүрүүчү бульдезорлор, авто жүктөөчүлөр, КаМАЗ, Мерседес автомашиналары, атайын жылытуучу мештер менен жабдылган чатырлар, кургак азык, жууркан-төшөктөр көчкү болгон жерге жеткирилген. Мындан тышкары УАЗ, карда жана башка бардык жерде жүрүүчү техникалар менен 38 куткаруучу окуя болгон жерде иштеп жатышат. Кар көчкү болгон жердеги тазалоо иштерине ЧКМ министри Камчыбек Ташиев өзү көзөмөл кылууда, деп билдирет министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка”. (ZKo)

XS
SM
MD
LG