Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Ош ТВ телекомпаниясынын журналистинин акыбалы оор бойдон


Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Аты-жөнүн атоодон тайсалдаган дарыгерлердин маалыматы боюнча учурда Ош шаардык ооруканасында жаткан Кенжебаевдин мээси чайкалган жана денесинин бир нече жеринен жараат алган.
Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Анткени, акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал, дейт Х. Худайбердиев.
Ош шаардык милициясынын башчысы Азизбек Тешебаев ОшТВ телеканалынын кызматкери Кенжебаевдин токмоктолушун саясатташтыруунун кажети жок, бул кадимки эле талап-тоноочулук, деген пикирде. (ATo)

XS
SM
MD
LG