“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду ИИМ тергөөчүлөрү камашты. Ал тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк жаранын өлтүрүлгөнү аныкталган, деген жүйөө менен камакка алынды. БЭК бул ишти саясий куугунтуктун жеткен чеги деп айыптоодо.(ZKo)