Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

А. Жекшенкуловго айып тагууга байланыштуу сот болот


Аликбек Жекшенкуловдун жактоочусу Нина Зоотованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча айып тагуу боюнча сот иши саат 15:00ке чейин болууга тийиш, бирок азырынча так сааты белгисиз. Адвокаттын айтуусунда А. Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз кечээ Биринчи Май райондук сотуна берилген. Сотто бул маселе да каралышы күтүлүүдө.
Бүгүн саат 15:00те А. Жекшенкуловдун ИИМ алдындагы Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кармалышына 48 саат болот. Ошондуктан аны кармоону улантуу үчүн соттон санкция алынууга жана айып коюлууга тийиш. “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-мартта кармалган. Анын тапанчасы менен 2007-жылы түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп шектелүүдө. Оппозиция болсо муну саясий куугунтук катары баалап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG