Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Ооганстан: Байистүү талиптерден жардам сурачу мезгил келдиби?


Талип согушчаны ооган полициясынын колун кысууда
Талип согушчаны ооган полициясынын колун кысууда

АКШ президенти Барак Обама жакында эле “New York Times” басылмасына берген маегинде, коалициялык күчтөр талиптерге каршы күрөштө жеңишке жетпей атканын айтып, байистүү же радикалдашпаган талиптер менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө керектигин билдирди.

Анын мындай чакырыгын ооган президенти баш болуп көптөрү колдоп чыгышты. Бирок айрым чөйрөлөрдө мындай чакырыкка сын менен карашып, дегеле “байистүү талиптер - экстремист талиптер” деп бөлүүгө болобу деген суроону кабыргасынан коюшууда.

АКШ президенти өз маегинде радикал топторду жоошутуу, алардын ийге келчүлөрүн имерүү сыяктуу ыкмалар Иракта дурус жыйынтык бергенин айтат. Обаманын айтымында, жакшылап пландалган мындай иш-чаралар Ооганстанда деле өзүнүн жемишин бериши толук ыктымал.

Маекке караганда, президент Обама бул боюнча АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгын башчысы менен сүйлөшкөн. Ооганстандагы иш-чараларга жооптуу генерал Дэвид Петреус Ирактагыдай ыкмаларды колдонуп, талиптердин ийге келчүлөрүн жибитүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай бир канча убактан бери талиптер менен сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтып келген. Обаманын билдирүүсүн ал “жакшы жаңылык” катары баалады:

“АКШ президенти Обама тынчтык жана сүйлөшүү жолун тандап алды. Ал өзү “байистүү талиптер” деп атаган ооган талиптерин ийге келтирүүнү жактады. Бул - жакшы жаңылык. Айтылгандар биздин көз карашыбызга дал келет. Биз аны кабыл алабыз жана алкыш айтабыз”,- деди Карзай.

Ошентсе да талиптердин өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү, азыркы арачы Абдул Салам Заифтин айтымында, америкалыктардын сүйлөшүүгө баруудан башка аргасы жок болчу:

“Оболу Барак Обама Ооганстанда жеңишке жете албай атышканын, согуш менен маселе чечилбесин айтты. Алар жеңе албай атса, башка эмне кылышат? Башка жолдорду карап, сүйлөшүү жолу менен болсо да маселени чечиш керек да”,- деди Абдул Салам Заиф.

Ошентсе да талиптерди экиге бөлгөн мындай сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык береринен күмөн санагандар да жок эмес. Ооганстандык серепчи Вахид Музданын айтымында, байистүү делген талиптердин ийге келбестердин лидерлерин көндүрүшү өтө кыйын. Анын пикиринде, Ооганстандагы талиптер байистүү же кепке келбес болгонуна карабай баары опурталдуу.

Абдул Салам Заифтин пикиринде, талиптерди ийге келтирүү үчүн АКШ бир катар талаптарды аткарыш керек болот. Алардын эң негизгилери, АКШ баштапкы баскычта Ооганстандагы түрмөлөрүн жабышы, Мухаммад Омар сыяктуу талиптердин жол башчыларын эл аралык “кара тизмеден” чыгарышы керек.

XS
SM
MD
LG