Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

БЭКтин митинг өткөрүү жөнүндө арызын Бишкек мэриясы кабыл алуудан баш тартты


БЭКтин чукул чакыртылган Улуттук кеңеши бүгүн 27-мартта өткөрүлүүчү нааразылык акциясына карата даярдыкты талкуулады. Митингди уюштуруу иштери боюнча Бишкектеги штаб дүйшөмбү күндөн баштап такай иштей турган болду. БЭКке мүчө 12 партиянын ар бирине жүктөлө турган иштер такталды. Нааразылык митингин бүтүн өлкө боюнча саат он бирде баштоо жөнүндө чечим кабыл алынды. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте М.Горькийдин эстелигинин жанында тынч митинг өткөрүү тууралуу мэрияга жолдонгон арыз шаар бийлиги тарабынан кабыл алынбаганын билдирди. Анын айтымында, арызда шаар башчысы Н.Түлеевдин фамилиясы Тюлеев болуп бир тамгасы туура эмес жазылып калгандыктан «Ата Мекендин» арызын мэриянын тиешелүү кызматы кабыл алуудан баш тартты. «Дүйшөмбү күнү мэрдин аты-жөнүн тактап туруп, арызды алып барабыз»,-деди Текебаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG