Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Автокырсыктан күйүп өлгөн үч адамдын сөөгү ДНК экспертизадан өткөрүлүп жатат


Бул тууралуу Президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында “кокустук автокырсыкка окшобой турат”. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, автокырсыкка кабылган деп шектелген адамдардын жакындарынын чакыруусу менен кечээ саат 20.00-дө Казакстандан атайы адистер келип, дене калдыктарынын бөлүкчөлөрүн ДНК экспертиза жүргүзүү үчүн алып кетишкен. Казакстанда ДНК экспертиза Алматыда жайгашкан ИИМдин алдындагы атайын жана Астанада жайгашкан жарандык лабораторияда жүргүзүлөт. (EK)

XS
SM
MD
LG