Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Беккул Жекшенкуловго издөө жарыяланган


Мурунку тышкы иштер министри, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкуловго “топтошуп алып курал колдонуу менен бейбаштык кылган” деген айып тагылууда. Кылмыш иши козголуп, Б. Жекшенкуловдун кайда экендиги анык болбогондуктан тергөө токтоп турганын бүгүн күч органдарынын жетекчилери билдирди. БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун баласы Эрнис Бекназаровго да издөө жарыяланган. Ага “көп өлчөмдөгү бирөөнүн мүлкүн кымтып алган” деген айып тагылууда. Оппозиция лидерлери алардын тууган-уруктарына кылмыш ишин козгоо аркылуу бийлик кысым көрсөтүүдө, деп айыптап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG