Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Аксы районундагы бир нече айылдарда нааразылык иш чаралары болуп өттү


БЭКтин райондогу өкүлдөрү Э.Жаңыбаев, И.Мамакеев, К.Маматкеримов кечээ райондун Карасуу, Каражыгач, Акжол, Жаңы-Жол айылында акция өткөндүгүн «Азаттыкка» кабарлашты. Ага 17-мартта Аксы окуясын эскерүү митингисине уруксат берүүдөн жергиликтүү бийликтин баш тартуусу себеп болгон. Акцияларда А.Бекназаров жана БЭКтин башка мүчөлөрүнө куугунтукту токтотуу, 2002-жылы окко учкандардын арбагына 17-мартта Кара -Жыгач айлында өтүүчү митингде куран окутулуп, ал эскерүү митингине окуянын күбөсү болгон Акыйкатчы Турсунбек Акун чакыртылсын деген талаптар коюлду. Бул талаптар аткарылбаса, райондо түрдүү акциялар уюштурулуп, Аксы-Ташкөмүр жолунда жөө жүрүш башталаары эскертилди. Бул маалыматты Жалал-Абат облустук ИИБ четке кагууда. (YA)

XS
SM
MD
LG