Социал-демократиялык фракция Койташтагы жол кырсыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссияга Иса Өмүркуловду сунуштады. Бирок ага 40 депутат гана добуш берди. Натыйжада ал комиссиянын мүчөлүгүнө өтпөй калды. Социал-демократиялык фракция жаңы талапкерди сунуштоо үчүн убакыт сурады. Эми ал маселе Жогорку Кеңештин түштөн кийинки сессиясында каралат.(AiT)