Бишкекте төртүнчү ирээт өткөрүлүп жаткан бул фестивалга катышуу үчүн сынак жарыяланды. Маданий кызматташтык аркылуу эл аралык достукту бекемдөөгө багытталган фестивалга Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын джаз чеберлери катышат деп күтүлүүдө. Үч күндүк иш-чаранын жеңуүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар да каралган. (ES)