Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Кошмо Штаттарда банк тармагын колдоо планы жарыяланды


Өлкөнүн каржы министрлиги жарыялаган планга ылайык, банктар кайтарып алалбаган карыздарды өкмөт сатып алат. Бул үчүн каржы министрлиги 75 миллиардан 100 милиард долларга чейин каражат жумшайт. Бул акча каржы секторуна жардам көрсөтүү боюнча АКШнын Конгресси былтыр жактырган 700 миллиард долларлык пландын эсебинен берилмекчи.

Каржы министрлигинин билдиргенине караганда, кайтпаган карыздарды же “ууланган активдерди” сатып алуу үчүн жеке капиталдын эсебинен бери дегенде 500 миллиард доллар тартылмакчы жана бул сумма бир триллион долларга чейин жетүүсү мүмкүн.

АКШ президенти Барак Обама бул программаны “туура багыттагы” кадам деп атады. Жаңылыкты инвесторлор да кубаттап, Уолл-Стритте негизги биржалык индекс Доу –Жонс 500 пункутка жогорулады.

Азыркы каржы кризисинин тамыры, адистер белгилеп жүргөндөй, кайтарылбаган насыяларда жатат.

XS
SM
MD
LG