Ирактын президенти Жалал Талабани Күрдистандын жумушчу партясын Түркияга каршы согушун токтотуп, Ирактын аймагынан чыгып кетүүгө чакырган эле. Анын аралыгында, Түркиянын президенти Абдулла Гүл Ирактын күрд аймагынын өкмөт башчысы Нерчирван Барзани менен Багдадда сүйлөшүү жүргүзүп, бул партияга тыюу салууну суранды. Мындан бир күн мурда ирактык күрддөрдүн Жалула шаарында жанкечтинин чабуулунан 20дан ашык кишинин өмүрү кыйылган эле.