Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Кыш маалында тыныгуудан Нарын шаарынын мектептери 730 миң сом зыян тартты


Быйылкы жылы январда Нарын шаарындагы алты орто мектептин суулары төгүлүп, окуучулар аргасыз 2-мартка дейре тыныгууга чыгышкан. Натыйжада кыш чилдесинде эскилиги жеткен түтүктөр жана батареялар жарылууга дуушарланган. Ушундан улам Нарын шаарындагы орто мектептердин жылуулук системасына жалпысы 730 миң сомдук зыян келтирилген. Мындай маалыматтар Нарын шаардык мэриясынын кеңейтилген жыйынында айтылды. Нарын шаарынын вице-мэри Кубан Нурмамбетов мынча каражатты жергиликтүү бюджеттен каржылай албастыгын билдирди. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Асан Атабаев мектептердин жылуулук системалары оңдолбосо келерки кышта мектептер таптакыр жылуулуксуз каларын айтты. (KUs)

XS
SM
MD
LG