Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Балыкчыда күч органдары митинг маалында "кетсин" деген сөз айтылбасын деп эскертүүдө


27-марттагы митингге даярдык көрүп аткан уюштуруучуларды Балыкчы шаарындагы коопсуздук кызматы менен күч органдары байма бай суракка алууда. “Ата Мекен” партиясынын Балыкчыдагы координатору К. Мусаев күч органдары митинг убагында “кетсин деген сөздөр айтылбасын” деп эскерткен. Митингди шаардын маданият үйүнө өткөрүүгө уруксат алуу үчүн ал 15 күн мурда кайрылган менен шаар башкармалыгы жаңы гана макулдугун берди. Митингди өткөрбөөгө жасалган мындай кадамдар боюнча ЖКнын депутаты Кубанычбек Кадыров жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү үчүн көлгө келатат. Социал-демократтар фракциясынын депутатынын айтуусунда өлкө президенти К.Бакиев митингге тоскоолдук болбой турганын депутаттарга убада кылыптыр. 27-мартта Балыкчыга келери мурда айтылган Э.Каптагаев Караколдогу соттук ишине байланыштуу митингге катыша албай турган болду. (RB)

XS
SM
MD
LG