Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Социал-демократтар партиясы митингдин жыйынтыгын жарыялады


Анда 27-мартта өлкө аймагында өткөн митинг боюнча маалымат берилип, СДПнын лидери Алмаз Атамбаев менен фракция башчысы Бакыт Бешимов Ысык-Ата районундагы митингде 23-июлда болуучу президенттик шайлоону таза, адилет өткөрүүгө чакырыгы элдин колдоосун тапкандыгы айтылат. Митингдин катышуучулары алдыдагы шайлоого элдик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштаган. Бул маселе боюнча парламенттеги СД фракциясынан депутат Иса Өмүркулов Аламүдүн районундагы митингде партиянын багыттарын, талаптарын билдиргени кабарланган. Бишкектеги М.Горькийдин эстелигинин жанындагы митинг боюнча маалымат берилип, анда кабыл алынган резолюциядагы талаптар белгиленген. Резолюцияда оппозициянын мүчөлөрүнө саясий куугунтукту, аларга козголгон кылмыш иштерин токтотуу, БШКнын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын 50 пайызын БЭК сунуштаган талапкерлерден түзүү, Башкы прокурорду, ИИМ, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын, Коргоо министрин, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысын, салык полициясынын жетекчисин БЭК сунуштаган адамдардан дайындоо талабы коюлган. Бул талаптарды 20-апрелге чейин президент Курманбек Бакиев аткарууга барса оппозиция бийлик менен диалогго баруу ниетин билдиргени көрсөтүлгөн. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов БЭКтин талаптары боюнча эч кандай пикир айта албастыгын, алардын талабы президенттик администрацияга келбегенин “Азаттыкка” билдирди.. (AJ)

XS
SM
MD
LG