Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Кыргызстандын футболдук курама командасы Палестина менен тең чыкты


Непалда Катманду шаарында өтүп жаткан футбол боюнча Азиянын чакырыгы кубогунда Кыргызстандын курама командасы кечээ Палестинанын футболчулары менен беттешүүдө тең чыгышты. Буга чейин Непалдын курама командасы менен 0:0 эсебинде тең чыгып, С тобундагы командалар арасында үч команданын упайлары бирдей болгондуктан Кыргызстан дарбазага киргизген топторунун көбү менен айырмаланды. Буга чейин Кыргызстан менен беттешүүчү Ооганстандын футбол командасы мелдешке барбай калып, кыргызстандыктардын пайдасына чечилген. Азиянын чакырыгы кубогуна 16 мамлекеттин футболдук командалары катышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG