Конференцияны быйыл май айында Бишкекте өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Шахрил Сабаруддин 30-мартта тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов менен жолугушуу учурунда билдирген. Тараптар ошондой эле өз кызматташуунун кеңири маселелерин талкуулашып, эл аралык уюмдардын алкагында бири-биринин саясий демилгелерин колдоо,кызматташууларды бекемдөө жыйынтыгына келишкен. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)