Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Бала бакчаларга демөөрчүлөрдөн каражат алууга уруксат берилет


Жогорку Кеңештин “Ак Жол” фракциясынан депутаты Кабай Карабеков мындай демилгени “Мугалимдин макамы жөнүндө” мыйзамды талкуулоо учурунда көтөргөн. К.Карабаековдун айтымында, аталган мыйзамга ылайык мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатынан сырткары демөөрчүнүн жардамын алууга мектептер гана укуктуу. “Мектептерден сырткары балдар бакчаларына да предметтик сабактарды өтүүгө кошумча мугалимдерди тартууга туура келет. Балдарга мектепке чейин сапаттуу билим беришибиз керек”, - дейт К.Карабеков. Фракциянын жыйынында депутаттардын көбү бул сунушту колдошуп, эми ал парламенттик жалпы жыйынында талкууга коюлмакчы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG