30-марттагы акыркы сот отурумунда мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун жактоочулары мамлекеттик айыптоочу Тимур Карабаевге жана судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөө сунушун беришкен. Жактоочулар Рамазан Дырылдаев менен Азимбек Бекназаровдун сунуштарын сот канагаттандырган эмес. Судья жактоочуларга жогорку баскычтарга даттанууга мыйзамдын негизинде беш күн убакыт берген.
Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков баштаган жогорку чиндеги беш аскер кызматкери кызматынан аша чаап пайдаланды деген айып менен соттолушууда. Исаков мүчө болгон БЭК муну саясий куугунтук деп баалоодо. (BuS)