Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Италиядагы зилзаладан бир нече киши каза тапты


Жер титирөө бүгүн таңга маал, Бишкек убактысы боюнча 8:30дарда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолуу Абруцци провинциясында, Акила шаарынын айланасында орун алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, андан бери дегенде 50 киши каза тапты, ондогондору жаракат алды, ал эми миңдеген киши үй-жайынан айрылды. Курмандыктардын саны алдыда дагы өсүүсү мүмкүн. АКШнын Геологиялык кызматынынын билдиргенине караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,3 баллга жеткен. Италиянын Геофизика боюнча институту болсо жер титирөөнүн кубатын 5,8 балл деп баалады. Табигый кырсыктан соң Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони Орусияга белгиленген сапарын токтотту.

XS
SM
MD
LG