Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Мурдагы депутат З. Парманкулов Оштогу тергөө абагында ачкачылык жарыялады


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган жактоочу Талантбек Култаевдин айтымында, Замирбек Парманкулов беш жыл мурун Жогорку Кеңешке депутат кезинде Ош шаарындагы «Ричмэн» кафесинде бейбаштык кылып, ишканага 1585 сомдук зыян келтирген деп айыпталууда. 2-апрелден бери Оштогу тергөө абагында ачкачылык жарыялаган саясатчынын саламаттыгы күн өткөн сайын начарлоодо. Акыркы маалыматка караганда, Парманкулов «жолугушууга чыга албадым, себеби, басканга алым жок» деп жактоочусуна кат жөнөткөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Памирбек Асанов менен байланышканыбызда, Парманкуловго айыбы биротоло 8-апрелде угузууларын айтып, бул кылмыш ишине чекитти сот гана коерун белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG