Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

“Ата Мекендин” Балыкчыдагы штабы 27-марттагы митингдин тасмасын элге таратууну чечти


Оппозициянын 20-апрелге чейин бийликке койгон талаптарын жана Балыкчы шаарындагы коррупцияга байланышкан маселелер боюнча “Ата Мекен” партиясынын шаардагы бөлүмү атайын тасма (диск) жаздыра баштады. Партиянын аймактагы координатору К. Мусаевдин айтуусунда, анда 27-март күнү Ысык-Көл облусунда өткөн митингдер толугу менен камтылган. Оппозициянын митингдери массалык маалымат каражаттарына так жана жетиштүү чагылдырылбагынын белгилеген уюштуруучулар туура маалыматты элге ушундай жол менен гана жеткирүү зарылдыгы келип чыкканын чечмелешти. Өлкөдөгү үй-бүлөлүк жана криминалдык башкаруу кандай чекке келгени баяндалган бул тасма 20-апрелден кийин таратыла баштайт. (RB)

XS
SM
MD
LG