Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Биринчи Май райондук соту А.Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап жатат


Башкы прокуратура А.Жекшенкуловду абакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартуу өтүнүчүн сотко бергендигин буга чейин Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова билдирген. Соттун имаратынын алдына жүздөн ашуун адам чогулуп, “Жекшенкуловго боштондук”, “Жекшенкуловдон колуңарды тарткыла!”, “Саясий куугунтук токтотулсун!” деген талаптар жазылган плакаттар менен келип, колдоосун билдирип жатышат. Ал эми райондун прокурорунун орун басары Медер Акматов “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаиловага акция уюштурдуң деп эскертүү берди.Төлөкан Исмаилованын айтымында, ага эскертүү мурда даярдалган экен. Сотту чагылдырууга барган маалымат каражаттары менен оппозициянын өкүлдөрү сотко киргизилген жок. Имаратка кирүүгө коомдук жактоочу катары Топчубек Тургуналиев менен Өмүрбек Текебаевге гана уруксаат берилди.А.Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасы менен 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген шек менен 9-мартта камакка алынган. (BD)

XS
SM
MD
LG