Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

“Ачык саясат” басылмасы суракка чакырылды


8-апрель күнү «Ачык саясат» гезитинин башкы редакторунун орун басары Ырыскелди Момбеков жана бир катар журналисттери прокуратура органдарына чакыртылышкан. Аларга ооз эки жана кагаз жүзүндө эскертүү берилди. Көзөмөл органы гезиттин журналисттери президент Курманбек Бакиевдин аброюна шек келтирген макалаларды жазган, деп негиздөөдө. Калемгерлерге эгерде гезит мындай багытынан баш тартпаса кылмыш иши козголуп, кабарчылар жоопко тартылат деп эскертилген. Бул тууралуу маалымдаган «Акшумкар» саясий партиясы бийликтен мындай саясий куугунтуктоолордун токтотулушун талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG