Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Өзбекстандык ээнбаш балдар чек арадагы жолдон автоунааларды таш бараңга алышты


11-апрелге караган түнү саат үчтөр чамасында Өзбекстандын Водил айылына жакын жерден өткөн Ош-Исфана жолунун Кадамжай районуна караштуу аймагынан он чакты өспүрүм балдар автоунааларды таш бараңга алган. Жүргүнчүлөр жарым саттан ашык убакыт жолдон өтө албай турушкан. Качан жолдо топтолгон машиналар көбөйө баштаганда гана ээнбаш балдар Өзбекстан тарапка качып кирип кетишкен. Бул ээнбаштык фактысы боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө эч кандай даттануу түшкөн эмес. Бул маалыматты өзүн Абдимитал Сабыржанов деп тааныштырган айдоочу «Азаттыкка» билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG