Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Молдова Консоту президенттин шайлоо жыйынтыктарын кайра саноо өтүнүчүн карайт


Өткөн жекшембиде болгон шайлоону президент Владимир Воронининдин Коммунисттик партиясы жеңген. Жыйынтыктар бурмаланды деген адамдар көчөлөргө чыгып, президенттик жана парламенттик имараттарды ээлөөгө чейин барышкан. Воронин батышчыл жана либералдуу партияларды төңкөрүш аракети үчүн айыптаган. Ал ошондой эле козголоңдун артында кошуна Румыния турат деп күнөөлөгөн. Оппозиция жана расмий Бухарест андай айыптоолорду четке кагышты. Акыркы кабарларга ылайык, оппозиция шайлоочлурадын тизмелерин текшерип чыгууну да талап кылууда. Воронин болсо ага каршы. Демонстрациялар бүгүнкүгө да пландалган.

XS
SM
MD
LG