Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Экс-министр Исаковдун ишин караган судья алмаштырылбайт


Мындай чечимди республикалык Аскер сотунун коллегиясы бүгүн Бишкек горнизондук сотунун имаратында өткөргөн көчмө отурумунда кабыл алды. Исмаил Исаковдун кылмыш ишин карап жаткан судья Жакып Бектемировго ишеним көрсөтпөө арызы менен адвокаттар мурдагы отурумдарда кайрылышкан. Аскер сотунун коллегиясы өз чечимин сот жараяны баштала электе ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүүнүн негизсиздиги менен түшүндүрдү. Мындай чечимди мыйзамсыз деп санаган адвокаттар ишеним көрсөтпөө арызы кайталаныш ыктымалдыгын билдирип жатышат.
Экс-министрдин соту март айынын башынан бери ар кандай себептер менен улам кийинкиге жылдырылып келатат. Исмаил Исаковду башкы прокуратура Кылмыш Кодексинин 304, 316, 308 беренелеринин негизинде кызматынан кыянат пайдаланган, шалаакылык кылган, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деген доо коюп жатат. Аны менен кошо жогорку чендеги төрт кызматкер айыпталууда. Бул кылмыш ишин экс-министр өзү жана анын тарапкерлери саясий куугунтук деп эсептейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG