Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпайт


Түндүк Кореянын жарыясына караганда, ал алты тараптуу сүйлөшүүлөргө БУУнун Коопсуздук кеңешинин өлкө жакында ракета учуруусун айыптаган билдирүүсүнө нааразылык ирээтинде катышпайт жана өзөктүк изилдөөлөрүн улантат. Расмий Пхеньяндын айтымында, ал ошондой эле өзөктүк бомба жасоого жарамдуу плутоний өндүрө алуучу заводунун ишин кайра жандандырат. Ал ишкана Түндүк Кореядан тышкары Түштүк Корея, Жапония, Орусия, Кытай жана Кошмо Штаттар катышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында жетишилген эл аралык макулдашууга ылайык токтотулган болуучу. Сүйлөшүүлөр Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан баш тартууга ынандыруу аракетинде өтүп келген.

Түндүк Кореянын бүгүнкү жарыясы алдында кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын 5-апрелде узак аралыкка мерчемделген ракета учуруусун бир добуштан айыптап, БУУнун мындай аракетке тыюу салган чечимин бузгандык катары баалаган эле. Орусия менен Жапония Түндүк Кореяны бүгүнкү жарыясынан соң алты тараптуу сүйлөшүүлөргө кайра кайтууга чакырса, Кытай сабырдуулукту жана токтоолукту көргөзүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG