Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 01:00

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытайда жүрөт


Казак президенти Кытайдын Улуттук элдик конгрессинин туруктуу комитетинин төрагасы У Банго менен жолугушту. Төрага Банго эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер жогорку деңгээлде болгонун белгиледи. Назарбаев менен Банго отун-кубат, транспорт тармагында кызматташтык жана террорчулук менен күрөш тууралуу сүйлөшкөнү кабарланууда. Президент Назарбаевдин Кытайга беш күндүк иш сапары 15-апрелде башталган.

XS
SM
MD
LG