Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Коргоо министрлиги: Салимзоданын куралдуу күчтөргө тиешеси жок


Кыргызстандын мурдагы офицери Мухаммади Салимзодага каршы ачылган кылмыш ишин бүгүн Тажикстандын соту карай баштады. Ага Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча тыңчылык кылган жана мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мурат Ашырбеков "Азаттыкка" мурдагы аскер кызматкери Мухаммади Салимзоданын азыр куралдуу күчтөргө эч кандай тиешеси жок жана ал бул тармактан өз арызы менен 2002-жылы чыгып кеткен деп билдирди. Анын айтымында, мурдагы офицер Мухаммади Салимзоданын андан бери кандай иш менен алектенип, кимдер үчүн иштеп жүргөнү белгисиз. Ушундай эле маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу "Азаттыкка" билдирип, Салимзоданын атайын кызматка тиешеси жоктугун белгиледи. Мурдагы офицер Мухаммади Салимзода өткөн жылы Тажикстанга кызынын үйлөнүү тоюна барган жеринен кармалып, Улуттук коопсуздук министрлигинин абагында тергөөгө алынган. Айрым маалыматтарга караганда, Салимзода коюлган айыптарды мойнуна алган жери жок жана ал кайсы мамлекет үчүн тыңчылык кылганы ачык эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG