Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Аксыдагы кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү маселеси каралууда


Бул тууралуу чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 15-апрелден 16сына оогон түнү болгон жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө канча суммада, кандай деңгээлде жардам көрсөтүлөрү тууралуу өкмөттө токтом даярдалып жатат. Ал эми Райкомол айлындагы жер көчкөн аймакта казуу-тазалоо иштери аягына чыкты. Чукул кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, техникалары бүгүн толугу менен аймактан чыгарылып кетет. Ошондой эле Райкомол айлындагы 13 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү тууралуу эскертүү жергиликтүү бийлик органдарына берилди. Мындан тышкары Аксыдагы бир топ кооптуу деп эсептелген жерлер министрликтин мониторинг жүргүзгөн департаменти тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG