Ал Улуттук онкология жана радиология борборунун башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Накен Касиев аталган борбордун эмгек жамаатына 20-апрелде тааныштырылган. Накен Касиев ЖКнын экс депутаты, саламаттыкты сактоо министри, мамлекеттик катчы, Ош облусунун губернатору болуп иштеген. “Элет” партиясынын түптөгөн Накен Касиев 2006-2007-жылы болгон митингдерде, андан кийин оппозициянын катарында жүргөнү белгилүү.(ZKo)