Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар АКШдан жардам алды


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) 245 миң долларлык 29 трансформатор жана аны орнотуучу жабдыктарды Кыргызстандагы электр кубатын бөлүштүрүүчү төрт компанияга таратып берди. Натыйжада “Түндүкэлектрого” 11, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” жана “Жалал-абатэлектро” алтыдан трансформатор тийди. Мындай колдоо кыргыз-америка өкмөттөрү ортосунда былтыр октябрь айында жетишилген меморандумдун алкагында жүргүзүлүүдө. ЮСАИД буга чейин бир миллиондон ашык долларга Кыргызстандын алтымыштай медициналык мекемелерин генератор менен камсыз кылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG