Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Сочидеги шайлоодо Кремлдин талапкери жеңишке жетишти


Орусиянын 2014-жылы Кышкы Олимпиада өтүүчү бул шаарында кечээ болгон шайлоонун расмий жыйынтыгына караганда, бийликтеги Бирдиктүү Орусия партиясынын талапкери, мэрдин милдетин аткаруучу Анатолий Пахомов добуштардын 77%га жакынын алган.

Кремлдин сынчысы, оппозициячыл талапкер Борис Немцов 13,5% добуш менен экинчи орунга чыкты. Коммунисттик партиянын талапкери Юрий Дзагания 6,6% добуш менен үчүнчү орунда, калган үч талапкердин ар бир 2%дан кем добуш алган. Борис Немцов менен Юрий Дзаганиянын ырастоосунда, шайлоо адилетсиз өттү жана добуш берүү жараяны мыйзам бузуулар менен коштолду. Сочинин шайлоо комиссиясынын жетекчилиги болсо мындай ырастоолорду төгүндөдү.

Сочинин шаар башчысын шайлоо орус президенти Дмитрий Медведевдин өлкөдөгү демократияны чыңдоо жөнүндөгү убадаларынын аткарылуусу үчүн сыноо катары каралган эле. Сочи Олимпиадасынын бюджети 6 миллиард доллар экенин эске алганда, ал бул шайлоонун жеңүүчүсүн бир топ таасирлүү адамга да айлантат.

XS
SM
MD
LG