Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Президент К. Бакиевге Петровкадагы кырдаал боюнча маалымат беришти


Кечээ 27-апрелде президенти Курманбек Бакиев башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди жана ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алды. Э.Сатыбалдиев менен М.Конгантиевдин Москва районунун Петровка айылында болуп өткөн баш-аламандык туурасында маалыматын уккандан кийин мамлекет башчысы мунун башкы себеби – жергиликтүү бийлик органдарынын кылмыш ишине эч кандай чара көрбөй узакка создуктуруп жибергендигинде экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы Москва районунун акимин иштен алуу боюнча буйрукка кол койгондугун айтты. “Эртең мененге чейин силер кызматтык иликтөө жүргүзүп, РИИБ начальнигинин, райондук прокурордун жана башка жооптуу кызматтагы адамдардын кылмышка учурунда тиешелүү чара көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилигин аныктоого тийишсиңер. Генералдык прокуратура окуяга катыштыгы бар бардык адамдарды таап, алардын ишине укуктук баа берүүгө тийиш”, - деди К.Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG