Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Петровкада чогулгандар бийликке төрт талап коюшууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда айылда азыр отуз чамалаш киши чогулуп турат. Алар Коопсуздук комитетинин камагында отурушкан Эркин Бөлөкбаевди, Турат Мадылбековду, Сапар Аргынбаевди, - Орозбек Толконбаевди жана Уран Рысбаевди, Бишкектин кармап, кайра бөлүштүрүүчү жайында отурат деп эсептешкен жыйырмага чукул петровкалыкты бошотууну, күнөөлүү деп табылган күрттөрдү ачык сотто соттоону, ок атуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш ишин козгоону, туура эмес маалымат таратты деп санап жатышкан Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.
26-апрелдеги Петровка жаңжалы боюнча жүзгө чукул киши камакка алынып, үч кишиден башкасы администраивдик жаза менен бошотулгандыгын кечээ ИИМден кабарлашкан. Ысык-Ата тергөө абагына өзүнчө камалган “Болуш” коомунун жетекчиси Сапар Аргынбаев Коопсуздук комитетинин камагына кечээ которулган. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Каныбек Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Ал эми "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен "Ата мекен" партиясынын облустагы лидери Турат Мадылбаевди милиция Петровкадагы кечээки жол тосуу акциясынын учурунда кармаган. Коопсуздук комитети камактагылар тууралуу билдирүү жасай элек.(BuS)

XS
SM
MD
LG