Британ куралдуу күчтөрү тараткан маалыматка караганда, Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд вилаятындагы жардырууда бир британ аскери набыт болуп, бир канчасы жаракат алды. Учурда жардыруунун себептери иликтенип жатат. 2001-жылдан бери Ооганстандагы террордук уюмдарга каршы иш-чаралардын учурунда ушуну менен 153 британ аскери набыт болду.