Мындай сунушу менен “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Галина Куликова бүгүн парламентте чыгып, 13-марттагы окуяны иликтеген депутаттык комиссиянын маалымат угууну парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Белгилүү болгондой 13-мартта Аламүдүн районундагы Койташ айылына жакын жерде жол кырсыгында президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов каза болгон. Анын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.(AiT)