Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Өзбекстан Ноокендеги Чек айлына бекет орнотту


Учурда өзбек чек арачылары темир тосмо коюу учун бейтарап эсептеген айылга келчү жолдорду казууда. Кечээ түнкү саат 11-12 лерде айылдын баш тарабына чек ара вагондорун сүйрөп келип, орнотушкан. 29-апрелде кечке жуук Озбекстандын Пахта-Абат районунун акими Абдрахманов Шухратбек чектиктер менен жолугушуп, өз чечимин билдирген. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов Абдрахман айыл тагдыры чечилгиче бекет орнотпой кое турууну сунуш кылган. Бирок анын сөзү менен жергиликтүү элдин каршылыгын өзбек акими тыңшаган жок. Айылдагы кыргыз жарандары тагдырларына кайдыгер караган кыргыз бийлигине нааразы болушууда. Кыштакта 156 кыргыз жараны жана 41 үй-бүлө озбек жараны жашайт. Өзбек бийлиги орногонуна капаланган Манап Божоевдин үй-бүлөсү Чек айлынан көчүп чыкты (YA)

XS
SM
MD
LG