Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

КМШдагы мигранттандын маселеси Минскиде каралат


КМШнын Аткаруу комитетинин жумушчу тобу 4-5-майда Минскиде жыйын куруп, эмгек мигранттарын уюшкандыкта ишке тартуу концепциясынын долбоорун талкуулайт. Буга КМШдагы мамлекеттердин биринде тыштан келген мигранттардын саны көп болсо, биринде жумушсуздардын санынын көптүгү түрткү берди. Концепция тышкы эмгек күчтү пайдаланууну жөнгө салуу, анын ичинде эмгек мигранттарын ишке тартууну уюштуруу механизмдерин камтыйт. Жумушчу топ долбоорду даярдагандан кийин КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынын кароосуна берет. Ушул тапта Кыргызстандын башка мамлекеттерде иштеген жарандарынын саны беш жүз миңден сегиз жүз миңге чейин деген маалымат бар.(BD)

XS
SM
MD
LG