Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Исхак Масалиев: Биз өзүбүздүн талапкерди жеңишке жеткире албашыбызга көзүбүз жетти


Президенттик шайлоого кыска убакыт берилгендиктен, биз талапкер тандап, аны ийгиликтүү жеңишке жеткире албашыбызга көзүбүз жетти, ошондуктан, биз “Ак жол” партиясы көрсөткөн талапкерди колдоого алдык, деп билдирди Кыргызстан коммунисттери партиясынын лидери Исхак Масалиев “Азаттыкка”. Анын айтуусунда Кыргызстандын коммунисттери талапкер Курманбек Бакиевге өздөрүнүн талаптарын коюшмакчы, алардын ичинде энергетиканы менчикке бербөө, стратегиялык тармакты мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгарбоо жана карапайым элдин жашоосун жакшыртуу талабы бар.
Кыргызстан Коммунисттери партиясы 2-май күнү кезектеги 34-курултайына чогулуп, анда азыркы президент, 1-май күнү “Ак жол” партиясынын атынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо тууралуу чечим кабыл алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG